Бакыт Төрөбаев Коргоо министрлигинин аскердик техникаcын оңдоо боюнча борбордук базасынын ачылышына катышты

 Бакыт Төрөбаев Коргоо министрлигинин аскердик техникаcын оңдоо боюнча борбордук базасынын ачылышына катышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев аскер бөлүктөрүнүн биринин аймагында жайгашкан Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин Курал-жарак жана аскердик техникасын оңдоо боюнча борбордук базасынын ачылыш аземине катышты.

Иш-чарага Россия Федерациясынын коргоо ведомствосунун өкүлдөрү да катышты.

Борбордук ремонттук базанын аймагында штаттык курал-жарактарды жана аскердик техниканы комплекстүү тейлөөнүн жана оңдоонун бардык түрлөрү жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын башында Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын Коргоо министрликтеринин ортосундагы эл аралык аскердик кызматташтыктын алкагында аскердик-техникалык жардам көрсөтүү жаатындагы келишимге кошумча макулдашууга кол коюлган. Документке ылайык, россиялык тараптан чатыр-мобилдик баш калкалоочу жай – курал-жарактарды жана аскердик техниканы көмөкчү жабдыктары менен кошо техникалык тейлөө жана оңдоо пунктун жеткирүү, орнотуу жана жабдуу түрүндө жардам көрсөтүлгөн.

Министрлер Кабинетинин башчысынын орун басары Бакыт Төрөбаев россиялык тарапка аскердик-техникалык жардам көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирип, эки мамлекеттин ортосундагы аскердик жана аскердик-техникалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоо жана өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Связанный пост