Бакыт Төрөбаев Парижде WOAH уюмуна мүчө өлкөлөрдүн министрлери менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (мындан ары – WOAH) ассамблеясынын башкы сессиясынын алкагында, уюмга мүчө өлкөлөрдүн өкүлдөрү-министрлер менен болгон жабык жолугушууга катышты.

Ведомстводон билдиришкендей, бул жолугушуу WOAH уюмунун башкы директору Эммануэль Субейран тарабынан демилгеленген министрлердин деңгээлиндеги алгачкы жыйын.

Ошондой эле иш-чара WOAH уюмунун 8-стратегиялык планын (2026-2031) иштеп чыгуу максатында уюштурулду.

Жолугушуу уюмдун стратегиялык артыкчылыктарын талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги диалогду түзүү, саясий диалогду өнүктүрүү жана өнөктөштүктү бекемдөө максатын көздөйт.

Анда ачык жана интерактивдүү талкуу үчүн эки негизги тема каралды:

– Бүткүл дүйнөлүк жаныбарлардын саламаттыгын коргоо уюмунун (WOAH) мүчөлөрү уюмдан эмнени күтүшөт?

– Жаныбарлардын саламаттыгын глобалдык саламаттык сактоонун негизги компоненти катары кантип көрсөтүүгө болот?

Жолугушуунун максатына ылайык, жаныбарлардын саламаттыгы боюнча уюмдун лидерлигин тастыктоо, WOAH уюмунун стратегиялык демилгелерин колдоо боюнча министрлердин милдеттенмелерин камсыз кылуу, мүчө өлкөлөрдүн артыкчылыктарын, күтүүлөрүн жана туш болгон көйгөйлөрүн тереңирээк түшүнүү, андан ары WOAH тарабынан жоопкерчиликтүү чараларды жана аракеттерди иштеп чыгуу, WOAH менен мүчөлөрдүн ортосундагы учурдагы жетишкендиктерди жана өнөктөштүктү баса белгилөө, кызматташуунун маанилүүлүгүн көрсөтүү боюнча жыйынтыктар күтүлүүдө.

Связанный пост