Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун катчылыгы Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюсун кубаттайт. Бул тууралуу уюмдун расмий сайтында жарыяланды. Эки өлкөнүн лидерлеринин ырааттуу аракетинин жана саясий эркинин аркасында мамлекеттик чек аранын дээрлик миң километрге созулган сызыгы макулдашылды. Чек ара маселелерин чечүү ар кандай чөйрөлөрдө аймактык кызматташтыкты өнүктүрүүгө, ЖККУнун жоопкерчилик чөйрөсүндө коопсуздукту жакшыртууга […]Читать далее
Садыр Жапаров Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 13-мартта, Бишкекте Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жалпыга маалымдоо каражаттары үчүн билдирүү жасады. Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү: “Урматтуу Эмомали Шарипович, Урматтуу жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү, Айымдар жана мырзалар, Бүгүн биз Тажикстан Республикасынын Президенти урматтуу Эмомали Рахмонду Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапар менен кабыл алып жатабыз. […]Читать далее
Кыргызстанда башка өлкөдөн келген качкын деген макам менен жашап жүргөндөрдүн саны бүгүнкү күндө 164тү түзөт. Бул тууралуу маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, муну менен катар баш паанек издеген адамдардын саны 1 миң 708 кишини түзөт. Ал эми 2025-жылга Кыргыз Республикасынын иммиграциялык квотасы 1 миң […]Читать далее
Учурда 600 миң кыргызстандык чет өлкөдө жүрөт.Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. “Анын ичинен эң көбү Россиянын аймагында. РФ Ички иштер министрлигинин расмий маалыматы боюнча, 2024-жылдын жыйынтыгы боюнча миграциялык каттоодо 379 миң 949 адам, Казакстанда болжолдуу маалыматтар боюнча 70 миң жана Түркияда 32 миң адам турган. Министрликтин […]Читать далее
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы өз ара соода жүргүртүүнүн көлөмүн 500 млн долларга чейин жогорулатуу боюнча макулдашылды. Бул тууралуу Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон “Ынтымак Ордодо” өткөн эки тараптуу документтерге кол коюу учурунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Анын айтымында, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө эки өлкөнүн экономикалык байланыштарын андан ары кеңейтүүнү камсыз кылуучу фактор катары өнөр жай кооперацияларын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды. […]Читать далее
Кыргыз-тажик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын иши жанданды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жана Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон бүгүн, 13-мартта, эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасындагы “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрүү пункттарынын ишин кайра жандантуу аземине видео байланыш режиминде катышты. Иш-чара Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмондун Кыргызстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында өткөрүлүүдө. Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери өткөрмө пункттарынын ишин жандандырууга толук даяр […]Читать далее
Душанбе-Бишкек-Душанбе багыты боюнча аба каттамдары эртең жанданат. Бул тууралуу “Ынтымак Ордодо” Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон билдирди. Аба каттамдарын ачуу чечими өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүдөгү дагы бир кадам болду. Расмий программанын алкагында ал Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки өлкөнүн мамлекеттик чек арасы боюнча […]Читать далее
Шанхай Кызматташтык Уюму 2025-жылдын 13-мартында Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын ортосундагы мамлекеттик чек ара жөнүндө келишимге кол коюлганын кубаттайт. Уюмдун сайтында маалымдалгандай, бул тараптардын маселелерди тынчтык жолу менен, өз ара түшүнүшүү жана урматтоо менен чечүүгө болгон жакшы ниетинин ишке ашырылышынын артында мүмкүн болду. “ШКУга мүчө мамлекеттер кол коюлган Келишимдин өзгөчө маанисин белгилешет жана аны Шанхай […]Читать далее
Бүгүн Тажикстандын президентинин Кыргызстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында эки мамлекеттин ортосунда көптөн бери көйгөй болуп келе жаткан чек ара маселеси чечилди. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев билдирди. Анын айтымында, кол коюлган Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү Келишим жакын арада Жогоку Кеңештен ратификациядан өтөт, андан кийин ратификациялык грамота алмашуу болуп, суроого чекит […]Читать далее
2024-жылдын 10-декабрына карата Россияга кирүүсүнө тыюу салынган Кыргызстандын жарандарынын саны 73 миң 492 адамды түздү. Бул тууралуу маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу билдирди. Анын айтымында, алар Россиянын аймагына киргенден кийин административдик укук бузган жарандар. “Кыргызстандыктар “кара тизме” боюнча маалыматты 1899 кыска номери аркылуу текшерип алса болот. Мындан […]Читать далее