Экономика

Январда Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 215,3 млн долларды түздү

2025-жылдын январь айында Кыргызстанга кирген акча которуулардын жалпы көлөмү 215,3 млн долларды түзгөн. Улуттук банктан билдиришкендей, негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн – 203,7 млн доллар келген. Ал эми алыскы чет өлкөлөрдөн которулган каражат 11,5 млн доллар болгон. 2025-жылдын январь айынын аягына карата Кыргызстандан чыккан акча которуулардын көлөмү 22,9 млн долларды түздү. Анын ичинен 19,8 млн доллары […]Читать далее

Аймак

Кыргыз-тажик чек арасында майрамдык маданий иш-чаралар өтүүдө

Кыргыз-тажик чек арасында майрамдык маданий иш-чаралар өтүүдө. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Маалыматка ылайык, Нооруз майрамын утурлай кыргыз-тажик чек арасынын расмий ачылуусуна карата Баткен жана Согди облусунун чектешкен аймагында майрамдык иш-чаралар уланууда. Ага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Айбек Шаменов жана Тажикстандын Согди облусунун төрагасы Раджаббой Ахмадзода баштаган чектеш райондордун башчылары жана […]Читать далее

Аймак

Аламүдүндө мыйзамсыз сатылган 869 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган 869 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынан билдиришти. Райондук прокуратура тарабынан Арашан (мурдагы Таш-Дөбө) айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө Орто-Сай айылында жайгашкан 1 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган. Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын негизинде, наркы 869 млн 742 миң сомду түзгөн жер тилке мамлекетке […]Читать далее

Коом

Эми булуттук кол тамга “Түндүк” тиркемесинде жеткиликтүү

Булуттун электрондук кол тамгасы (CES) эми “Түндүк” тиркемесинде онлайн режиминде жеткиликтүү. Бул тууралуу КР Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Электрондук кол тамга (ЭС) – бул электрондук документти күбөлөндүрүү үчүн колдонгон колуңуздун санариптик аналогу. Электрондук кол тамга анын ээси жөнүндө бардык керектүү маалыматты сактаган санариптик символдорду камтыйт. Жашыруун кол тамганын ачкычы флеш-дискте сакталат.Читать далее

Жогорку Кеңеш

Төрага Нурланбек Тургунбек уулу Тажикстан Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту

Бүгүн, 13-мартта Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келген Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Жолугушууда кыргыз-тажик кызматташтыгын өнүктүрүү маселелери талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык байланыштарды кеңейтүү тууралуу сөз болду. Алгач Төрага Нурланбек Тургунбек уулу мамлекеттик чек аралардын такталышы эзелтен коңшу жашаган эки элдин алакасын арттырууда өзгөчө мааниге ээ экенин […]Читать далее

Коом

Бишкектеги турак жай комплекстеринин бириндеги коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү

Бишкектеги турак жай комплекстеринин бириндеги коммерциялык жайлар мамлекетке өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Атайын кызмат мамлекетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө Бишкек шаарынын Каракөл көчөсүндөгү (Ботаникалык сейил багына жакын аймакта) жер тилкесин мыйзамсыз менчиктештирүү фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду. Тактап айтканда, 1996-жылы Бишкек шаарынын мэриясынын токтому менен “Кайнар” […]Читать далее

Аймак

Эки өткөрмө бекеттин иши жанданып, кыргыз-тажик чек арасындагы туугандар көрүштү

Кыргыз-тажик чек арасындагы эки өткөрмө бекеттин иши жанданып, төрт жылдан бери көрүшпөгөн кыргыз-тажик чек арасындагы туугандардын көрүшүүсүнө шарт түзүлдү. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн Кыргызстан жана Тажикстан президенттери Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмондун видео байланыш аркылуу катышуусунда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында жайгашкан “Кайрагач” жана “Кызыл-Бел” көзөмөл-өткөрмө пункттары кайра ачылды. Жеринен иш-чарага президенттин Баткен облусундагы […]Читать далее

Коом

Былтыр Кыргызстандын дээрлик 20,5 миң жараны чет өлкөгө ишке орношкон

2024-жылы Кыргызстандын 20 миң 497 жараны чет өлкөгө ишке орношкон. Бул тууралуу маалыамат жыйында Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу борборунун бөлүм башчысы Арслан Байсопуев билдирди. Анын айтымында, анын ичинен 16 миң 204 жаран өлкөнүн жеке менчик агенттиктери тарабынан ишке орношторулган. Ал эми быйыл февраль айынын соңуна чейин 1 миң […]Читать далее

Саясат

Кыргызстан менен Тажикстан өкмөттөр аралык кеңеш түзөт

Биз эки тараптуу кызматташтык маселелерин комплекстүү кароо боюнча өкмөттөр аралык комиссияны Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык кеңеши деп кайра түзүү чечимин кабыл алдык, деп билдирди Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында. Анын айтымында, кеңешти Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы жана Тажикстандын премьер-министри жетектейт. “Алдыда боло турган мезгилде бул багытта алга жылууну камсыз кылуу максатында […]Читать далее

Билим

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө этабы менен өтүүнүн алкагында жаңы

Кыргызстанда 12 жылдык билим берүүгө этабы менен өтүүнүн алкагында жаңы стандарттар жана программалар иштелип чыгууда. Буга ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинде мамлекеттик жана эл аралык стандарттарга шайкеш келген окуу китептерин басып чыгарууга 2025-жылы мамлекет тарабынан 744 миллион сом бөлүнгөн. Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Жанаркүл Дооталиеванын билдирүүсү боюнча: “Учурда […]Читать далее