Аламудун райондук ички иштер бөлүмүнүн милиция кызматкерлери тарабынан «Жаш өспүрүм жана Жай» аттуу алдын алуу жана түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Чүй облусунун ички иштер органдарынын милиция кызматкерлери тарабынан жай мезгили учурунда сууга түшүү коопсуздугун сактоо максатында ар кандай алдын алуу иш-чараларды жүргүзүп келет. Июль айынын 14 жана 15 күнү Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн коомдук коопсуздук […]Читать далее
Үстүбүздөгү жылдын 21-22-23-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарындагы Рух-Ордо маданий борборунда «Дүйнөлүк көчмөндөр модасы» фестивалынын үчүнчү сезону өткөрүлөт. Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, фестивалга 20 мамлекеттен атактуу дизайнерлер, кол өнөрчүлөр жана мода индустриясынын адистери келишет. Иш-чаранын программасы: 21-июлда саат 17:00дө фестивалдын ачылышы, костюмдар парады, Ата мекендик жана эл аралык дизайнерлердин мода […]Читать далее
Ысык-Ата районунун аймагында уурулукка шектелгендер кармалды. Ыкчам-издөө аракеттердин жыйынтыгында Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери жана Аламүдүн районунун ИИБнын кызматкерлери тарабынан Ысык-Ата районунун аймагында бир катар уурулук жасаган эки шектүү кармалды. Тактап айтканда, Ысык-Ата районунун Ички иштер органдарына жергиликтүү тургундар белгисиз адамдарга карата чара көрүү жөнүндө арыз менен кайрылышкан. Алар ушул жылдын март айынан […]Читать далее
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров райондордун жана шаарлардын мэрияларынын өкүлдөрүнө тиричилик таштандыларын чыгаруучу атайын техникаларды тапшыруу аземине катышты. Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров айлана-чөөйрөгө аяр мамиле жасоого чакырып, өлкөнүн калктуу конуштарын таза кармоонун маанилүүлүгүн белгиледи. «Бүгүн бир катар муниципалдык кызматтар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биринчилерден болуп 22 даана атайын техниканы алышат. […]Читать далее
Бүгүн, 18-июлда Балыкчы шаарында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев президенттин атынан үч эм төрөлгөн үй-бүлөгө батирдин ачкычын тапшырды. Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, белекке берилген батир Балыкчы шаарынын борборунда жайгашып, борбордук коммуникацияга туташтырылган. Батир оңдолуп, тиричилик техникалары жана күнүмдүк керектелүүчү буюмдар менен камсыздалган. “Ошондой эле аталган үй-бүлөгө белек катары жеңил унаа жана […]Читать далее
Жогорку сотто президент Садыр Жапаровдун жарлыктары менен дайындалган жергиликтүү соттордун судьялары салтанаттуу түрдө ант беришти. Мамлекет башчынын аталган 15 талапкер боюнча жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына дайындоо жөнүндө жарлыктары кабыл алынып, алар төмөнкү сотторго судьянын ыйгарым укуктарын жүргүзүү үчүн жиберилди: — Жалал-Абад облусу: Ноокен райондук сотуна Осмонов Тарасбек Сапарбекович; Базар-Коргон райондук сотуна Каримова Жыпар Кудайбердиевна; Ала-Бука райондук […]Читать далее
Бүгүн, 18-июлга карата Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 88 учуру катталган. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлайт. Маалыматка ылайык, анын ичинде 72 адам оорунун белгилери пайда болгондуктан кайрылган, 2 адамдан өлкөдөн учууга байланыштуу ПЧР-тест тапшырууда, 8 учур сырттан келгендерден (Корея, Литва, Венгрия), 6 адам ооруга чалдыккандар менен байланышкандар арасында аныкталган. Ал эми аймактар боюнча, Бишкек шаарында – 81, […]Читать далее
2022-жылдын 17-июлунда ИМБДУнун штаб-квартирасында Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева ИМБДУнун башкы директору Дарен Танг менен жолугушту. Р.Керимбаева ИМБДУнун башкы директоруна Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын атынан 2022-жылдын сентябрына белгиленген креативдүү экономика боюнча аймактык семинарга чакыруу катын тапшырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Р. Керимбаева менен Д.Танг эки тараптуу мамилелердин оң динамикасын белгилешип, биргелешкен иш-чараларды талкуулашты. Директор Р.Керимбаева Кыргызпатенттин учурдагы […]Читать далее
Кыргызстандын жер-жерлеринде 2 миң 435 участкалык милиционер аялдарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча иш алып барууда. Бул тууралуу ички иштер министри Улан Ниязбеков маалымат жыйын учурунда билдирди. Анын айтымында, милиция кызматкерлери тобокелдик топко кирген адамдарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. “Кочкордо кечки саат 11лерде жаран аялын сабап өлтүрүп, анан өзүнө кол салган окуя болду. Милиционер күнү-түнү алардын […]Читать далее
Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет. Ушул жылдын 1-сентябрынан кечиктирбестен төмөнкүлөрдү төлөө керек: – транспорт каражатына салык, – турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган), – үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык. Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган. Белгилей кетсек, […]Читать далее