Аскер бөлүктөрүндө өз өмүрүнө кол салуу фактыларын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

 Аскер бөлүктөрүндө өз өмүрүнө кол салуу фактыларын алдын алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө

Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы тарабынан 5-сентябрда Ош гарнизонунун аймагында жайгашкан аскер бөлүктөрүнүн өздүк курамына профилактикалык багытта жекече жана коллективдүү ангемелешүү менен аскердик тартипти сактоого, күжүрмөн даярдыкты камсыз кылууга, аскер кызматчылары арасында өз ара мамилелердин уставдык эрежелерин бузбоого, бөлүктү же кызмат өтөө жерин өзү билип таштап кетпөөгө, дезертирдик жана өзүнө өзү кол салуу фактыларын жоюуга байланыштуу иш чаралары жүргүзүлдү.

Аталган маселелерди алдын алуу Аскер прокуратурасынын көзөмөлдүк ишинин эн негизги багыттарынын бири болуп саналып, ага өзгөчө көңүл бурулууда.
Ал эми, аскердик башкаруу органдарында жана аскердик мекемелерде кандайдыр бир мыйзам бузуу аракеттери байкалган учурда төмөндөгү телефондорго кайрылууңуздар зарыл:
– Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасы – 0 (312) 62-47-39;
– Бишкек гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (312) 56-01-03
– Ош гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3222) 4-25-74;
– Балыкчы гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3944) 3-28-03;
– Баткен гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3622) 5-12-14;
– Жалал-Абад гарнизонунун аскер прокуратурасы – 0 (3722) 2-03-44

Аталган иш-чара Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын (Омбудсмен) Ош облусу жана Ош шаары боюнча өкүлүнүн, Кыйноолорду жана башка катаал адамгерчиликсиз же кадыр-баркты басмырлаган мамиленин жана жазанын түрлөрүн алдын алуу боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук борборунун, “Жоокерлер энелери” Республикалык комитетинин, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын өкүлдөрү менен биргеликте өткөрүлдү.

Связанный пост