Алматыдан Тамчыга 23-июндан тарта түз аба каттамы ачылат

 Алматыдан Тамчыга 23-июндан тарта түз аба каттамы ачылат

 “Асман” авиакомпаниясы “Компас Тур” туроператору менен биргеликте 23-июндан тарта Алматыдан Тамчыга (Ысык-Көл эл аралык аэропорту) жаңы түз каттам ачат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ААКтын басма сөз кызматы кабарлады.

Каттамдар жумасына эки жолу – дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

Жаңы маршруттун артыкчылыктары:

– Ыңгайлуулугу жана ылдамдыгы. Учуу убактысы болгону 1 саат 20 мүнөт.

– Жумасына эки каттам.

– «Компас-Казакстан» тур-пакеттери. Ысык-Көлдүн жээгинде жайгашуу, мыкты эс алуу жана экскурсиялар үчүн атайын сунуштар.

“Бул маршрут жаратылышты, тоонун таза абасын жана дүйнөдөгү эң чоң бийик тоолуу көлдүн жылуу таза суусун баалаган Казакстандан келген коноктор үчүн эң сонун чечим болот.

Алдын ала сатып алууда атайын тарифтер колдонулат – эң жакшы орундарды алыңыз”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост