Аламүдүндө мыйзамсыз сатылган 869 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүн районунда мыйзамсыз сатылган 869 млн сомдук жер тилке мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурасынан билдиришти.
Райондук прокуратура тарабынан Арашан (мурдагы Таш-Дөбө) айыл өкмөтүндө жүргүзүлгөн текшерүүдө Орто-Сай айылында жайгашкан 1 га жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчикке сатылып кеткендиги аныкталган.
Келтирилген прокурордук чара көрүү актылардын негизинде, наркы 869 млн 742 миң сомду түзгөн жер тилке мамлекетке кайтарылды.