Алагөзов: Түндө жолдон чыккан бугу-маралдар жаратылышты коргоого багытталган иштердин жемиши

Түн жамына жолдо унаа алдынан чыккан бугу-маралдар — бул кокустук эмес. Бул көрүнүш акыркы жылдары жаратылышты коргоого багытталган иштердин жемиши. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал белгилегендей, 2023-жылы сейрек кездешүүчү жапайы жаныбарларга аңчылыкка мораторий жарыяланган.
“Президенттин демилгеси менен ишке ашып жаткан Улуттук “Жашыл мурас” кампаниясынын алкагында өлкөбүздө жаратылышка болгон камкордук күчөп, экологиялык аракеттер ырааттуу уланууда.
Мамлекет башчысынын көзөмөлүндө ӨКМ да туруктуу негизде көлдөрдү тазалап, мыйзамсыз орнотулган торлорду алып, балыктардын көбөйүшүнө шарт түзүлүп келет.
Мына ушундай аракеттердин аркасында жапайы жаратылыш кайра жанданып, жан-жаныбарлар ээн эркин жайылып, кээде мына минтип адамдар жашаган аймактарга чейин келип калууда.
Бул жакшы самаалык. Табият — бул биздин байлыгыбыз, үйүбүз, келечегибиз. Аны коргойлу, тазалыкты сактайлы, жапайы жаратылыш менен таттуу мамиледе болууну уланталы, достор!”,-деген ал.