Алагөзов: Бишкек жана Ошто жаңы аэровокзалдарды куруу иштери кызуу жүрүүдө

Бишкек жана Ош шаарларында жаңы аэровокзалдарды куруу иштери кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Анын айтымында, “Ош” эл аралык аэропортунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү жылына 5 миллиондон ашык жүргүнчүнү түзөт.
“Оштогу жаңы аэровокзал комплекси жер төлөсү менен эки кабат болуп курулуп, жалпы аянты 25 443 чарчы метр. Бул Кыргызстандын авиациялык инфратүзүмүн өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам”,-деген ал.
Эске салсак, үстүбүздөгү жылдын 14-февралында президент Садыр Жапаров “Ош” эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексин куруу үчүн мезгил кутусун салган.