Акылбек Жапаров: Жаңы жагдайлар контрафакт менен күрөшүүнүн өркүндөтүлгөн механизмдерин иштеп чыгууну талап кылууда

 Акылбек Жапаров: Жаңы жагдайлар контрафакт менен күрөшүүнүн өркүндөтүлгөн механизмдерин иштеп чыгууну талап кылууда

Жаңы жагдайлар жана чакырыктар бардык деңгээлде контрафакт менен күрөшүүнүн кыйла өркүндөтүлгөн жана өзгөчө механизмдерин иштеп чыгууну жана ишке ашырууну талап кылууда. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров “Антиконтрафакт-2022” X юбилейлик эл аралык форумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы контрафакттык жана фальсификацияланган продукцияны мыйзамсыз өндүрүү жана пайдалануудан түшкөн жүгүртүүнү баңги заттарды жана курал-жарактарды жүгүртүүдөн, ошондой эле мунай өндүрүүдөн түшкөн кирешеге салыштырууга болот деп белгиледи.

«Контрафакт ири өндүрүшчүлөргө да, кичи жана орто бизнес өкүлдөрүнө да зыян келтирет жана Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин бюджеттери жыл сайын миллиарддаган салыктык түшүүлөрдү жоготууда. Кыргыз Республикасы 1998-жылдан Дүйнөлүк соода уюмунун жана 2015-жылдан Евразия экономикалык биримдигинин мүчөсү болуу менен интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун ишенимдүү тутумун түздү. Дал ушул система техникалык инновацияларды жана көркөм чыгармачылыкты өнүктүрүүгө, ошондой эле рынокто жаңы продуктуларды жана кызматтарды түзүүгө өбөлгө түзөт. Учурда республиканын аймагында 78 868 өнөр жай менчигинин объектиси коргоого алынган», – деди ал.

Акылбек Жапаров интеллектуалдык менчик объектилеринин укуктарын коргоо жана контрафакттык продукцияга каршы күрөшүү жаатындагы мыйзамдык базага токтолду.

«Жаңы жагдайлар жана чакырыктар бардык деңгээлде контрафакт менен күрөшүүнүн кыйла өркүндөтүлгөн жана өзгөчө механизмдерин иштеп чыгууну жана ишке ашырууну талап кылууда. Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдары менен бизнес-коомчулугунун, эл аралык, илимий, билим берүү уюмдарынын, укук ээлеринин, ар кыл өлкөлөрдүн өндүрүүчүлөрүнүн ортосунда тең укуктуу жаратман кызматташтыкты түзмөйүнчө, продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы туруу, интеллектуалдык менчик объектилеринн укуктарын натыйжалуу коргоо мүмкүн эместиги айдан ачык.

Маселени талкуулоого жигердүү катышуу, Евразия экономикалык биримдигинин жана уюмга мүчө-мамлекеттердин мыйзамдарын өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгуу интеллектуалдык менчик укуктарын, жарандардын бакубаттуулугун жана саламаттыгын, салыктык түшүүлөрдүн көбөйүшүн,  инвесторлордун корголушун, технологияларды жана өндүрүштү өнүктүрүүнү камсыз кылуу боюнча натыйжалуу ыкмаларды жана чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк берет деп ишенем», – деди Министрлер Кабинетинин башчысы.

Связанный пост