Акылбек Жапаров Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту

 Акылбек Жапаров Түркиянын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Анкара шаарында (Түркия Республикасы) жумушчу сапарынын алкагында Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай менен жолугушту.

Президенттик комплексте өткөн жолугушууда тараптар эки тараптуу  кызматташунун, анын ичинде экономика жана соода тармагындагы кызматташуунун абалын жана келечегин талкуулашты.

Тараптар эки мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн учурдагы өнөктөштүк механизмдерин мындан ары өнүктүрүү боюнча макулдашышты.

Жолугушууда ошондой эле түрк тилдүү маданияттын жалпы тарыхый символу болуп калган Изник шаарында (Түркия Республикасы) өткөн IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жыйынтыгы да талкууланды.

Связанный пост