Акылбек Жапаров: КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири

 Акылбек Жапаров: КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири

 Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Чолпон-Атадагы КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн “Келечек” I Жаштар форумунун ачылышына катышты.

Бүгүн, 25-августта Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын утурлай КМШ жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жаштарынын форумунун ачылышы өттү.

Иш-чарага Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Михаил Мясникович дагы катышты.

Акылбек Жапаров иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөп, КМШ жана ЕАЭБ жаштарынын күн тартиби евразиялык интеграциянын жаңы векторлорунун бири экенин белгиледи.

“Бул форум Кыргызстандын демилгеси менен Евразиялык экономикалык биримдиктин органдарында төрагалык кылуунун алкагында өткөрүлүүдө. Жаштар форуму мындан ары да уланат деп ишенебиз. Бүгүнкү форум 500дөн ашуун катышуучуларды топтоду. Араңыздарда КМШ жана ЕАЭБ мейкиндигинде өз ара пайдалуу кызматташтыктын жана интеграциянын туруктуу өсүшү үчүн көп күч-аракетин жумшап жаткан адамдар бар”, – деди ал.

Жапаров жаштар форуму КМШ менен ЕАЭБдин, бизнес-коомчулуктун туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууда натыйжалуу механизми болуп калат деген оюн билдирди.

“Биздин форум КМШ жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдөгү жаштардын интеграциялык процесстери үчүн “бурулуш рычагы” болуп калат деп ишенем”, – деди Акылбек Жапаров.

Связанный пост