29-октябрда Бишкекте таэквондо боюнча ачык чемпионат өтөт

 29-октябрда Бишкекте таэквондо боюнча ачык чемпионат өтөт
29-октябрда «Газпром» балдардын спорттук жана эс алуу борборунун спорт залында Баткендик жоокерлерди эскерүү күнүнө карата Биринчи май районунун С.Жуманазаров атындагы таэквондо мектебинин ITF боюнча биринчилик өткөрүлөт.
Мелдешке Кыргызстандын бардык аймактарынан 200дөн ашык таэквондочулардын катышуусу күтүлүүдө. Турнирди С.Жуманазаров атындагы Биринчи май райондук спорт мектеби Кыргыз Республикасынын ITF Original таэквондо федерациясы менен биргеликте (Баш кеңсеси Австрия, Вена) уюштурууда. Иш-чаранын максаты – сергек жашоого үндөө жана таэквондону өнүктүрүү болуп саналат.
Мелдеш саат 12:00дө башталат, кирүү акысыз.

Связанный пост