1-октябрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушу болот

 1-октябрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” лотереясынын экинчи утушу болот

1-октябрда Мамлекеттик салык кызматы “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын экинчи утушун өткөрөт. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, лотереяга 130 миң адам жана жалпы суммасы 11,1 млрд сомго 16,6 млн лотереялык ID-билеттер катышып жатат.

Экинчи турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 1 автоунаа, 11 iPhone, 10 смартфон жана 16 даана ар кандай тиричилик техникалары ойнотулат.

Лотереянын катышуучусу болуу үчүн “Салык Чек” мобилдик тиркемесин жүктөп алуу, каттоо жол-жобосунан өтүү жана кассалык чектеринин QR-кодун сканерлөө зарыл.

Иш-чара “Ала-Тоо 24” телеканалында жана Салык кызматынын Facebook жана YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт. Саат 16:00дө башталат.

 

Связанный пост