ӨКМ: Талас дарыясынан бир туугандардын сөөгү табылды

 ӨКМ: Талас дарыясынан бир туугандардын сөөгү табылды

Талас дарыясынан бир туугандардын сөөгү табылды, – деп билдирет ӨКМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас районуна караштуу Покровка айылынын 18 жаштагы У.Э., (эркек) жана 16 жаштагы У.К., (кыз) аттуу тургундары дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу “102” кызматына билдирүү түшкөн.

Маалымат түшкөн күнү милиция кызматкерлери издөө иштерин жүргүзүшкөн. Бүгүн жерине ӨКМдин беш куткаруучусу тартылган.

“Издөө иштеринин натыйжасында Талас дарыясынан бир туугандардын биринин сөөгү саат 11:20 чамасында суу үстүндө калкыган абалда табылган. Бир жарым саат өткөндөн кийин ӨКБнын адистери суунун түбүнөн агасынын сөөгүн алып чыгышкан”, – деп айтылат билдирүүдө.

Связанный пост