Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы көзөмөлдө турат

 Өлкөдө күйүүчү-майлоочу майдын баасы көзөмөлдө турат

Күйүүчү-майлоочу майдын баасынын негизсиз жогорулашына жол бербөөгө багытталган иштер жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, өлкөдө мунайзаттарга жылдык керектөө 1,4 млн тоннага жакын. Жеңил мунайзаттар боюнча индикативдик баланс (бензин жана дизель) 2025-жылга 2024-жылдагыдай эле 1,2 млн тонна (бензин – 650,0 миң тонна, дизель отуну -550,0 миң тонна) деп бекитилген. Бул көлөм Кыргызстандын отун рыногунун керектөөлөрүнө ылайык келет. Бензинге орточо суткалык керектөө 1781 тонна, дизель отуну 1507 тоннаны түзөт.

Аи-92 маркасындагы бензин, дизель отуну жана суюлтулган көмүр суутек газы социалдык маанилүү товарлардын тизмесине киргизилген.

Учурда өлкөнүн рыногунда үстөмдүк абалды төмөнкү чарбалар ээлейт:

– “Мунай Пром” ЖЧКсы – бензин жана суюлтулган көмүр суутек газы;

– “Альфа Ойл” ЖЧКсы (Ред Петролеум) – бензин;

– “Жылуулук – кыргызнефтопродукт” ЖАК – бензин.

Кыргызстандын отун рыногунда 5 ири компания иштейт, алар керектөөнүн 90%га жакынын камсыз кылат. 2023-жылдын 13-декабрында Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы менен Кыргызстандын нефтетрейдерлеринин (“Мунай Пром” ЖЧКсы, “Альфа Ойл” ЖЧКсы, “ШНОС” ЖЧКсы, “Өнөктөш Нефть” ЖЧКсы, “PН-Кыргызнефтопродукт” ЖАК ж.б.) ортосунда калк үчүн мунайзаттарды сатуу рыногунда кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. Ага ылайык, нефтетрейдерлер тышкы факторлорду жана өзүнүн ички саясатын эске алуу менен калк үчүн мунайзаттардын баасын жана физикалык жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга милдеттүү. Ал монополияга каршы мыйзамдардын талаптарына ылайык келүүгө тийиш, мунайзаттардын зарыл запастарын камсыз кылууга жана ички рынокто алардын тартыштыгына жол бербөөгө, ошондой эле жеткирүүчү заводдордун дүң өткөрүү баалары өзгөргөн учурда кызматка билдирүүгө милдеттүү.

Мындан тышкары, туруктуу негизде жумушчу кеңешмелер өткөрүлүп турат. Анда майдын баасынын динамикасын талдоонун жыйынтыгы боюнча, нефтетрейдерлерге баалардын негизсиз жогорулашына жол бербөө максатында тиешелүү сунуштар берилет. Акыркы ирет 23-апрелде нефтетрейдерлер менен кеңешме уюштурулган.

Нефтетрейдерлердин маалыматына таянсак, 2025-жылдын 3 айынын жыйынтыгында россиялык нефтетрейдерлердин АИ-92 боюнча дүң баасы 60 тоннасына 1$ (өсүш 9% түздү), дизель майы – 50$ (7-8%) болду.

Ошондой эле нефтетрейдерлер Казакстандын аймагы боюнча темир жол тарифтеринин жогорулагандыгын белгилешти. Анын өлчөмү 30-40 долларды түздү. 1-майдан тартып Казакстан аркылуу транзитке тарифтин 40-50 долларга жогорулашы күтүлгөн, бул сөзсүз түрдө күйүүчү-майлоочу майдын наркына таасирин тийгизген.

Баалардын өсүшүнүн негизги себептери:

– Россияда мунай менен сатуу баасынын жогорулагандыгы,

– Казакстандын аймагы боюнча темир жол менен ташууларга тарифтин жогорулагандыгы (транзит).

Ошондой эле майдын баасына Россия рублинин курсу, ошондой эле россиялык нефтини кайра иштетүүчү заводдордо (атап айтканда, Борбордук Азия өлкөлөрүнө мунайзат продуктуларын жеткирүүчү Омск заводунда) пландуу оңдоолор таасир этүүчү маанилүү фактор болууда. Учурда өлкөдө мунайзаттардын запасы 1-1,5 айга жетет.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы кеңешменин жыйынтыгы боюнча күйүүчү-майлоочу майды жеткирүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарынын балансын камсыз кылуу максатында нефтетрейдерлерге бир катар сунуштарды берди:

– күйүүчү-майлоочу майды жана суюлтулган көмүрсуутек газы боюнча баалардын кескин жогорулашына жол бербөө, бааларды этап-этабы менен жогорулатуу;

– кызматтын суроо-талаптарына тезирээк жооп берүү;

– рынокту каныктыруу жана мунайзаттардын тартыштыгын түзүүгө жол бербөө үчүн күйүүчү-майлоочу майдын зарыл запастарын камсыз кылуу.

Связанный пост