Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө өлкө бюджетинен 670 млн сомдон ашуун каражат бөлүндү

 Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө өлкө бюджетинен 670 млн сомдон ашуун каражат бөлүндү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен маданият, искусство жана спорт чөйрөсүнө 673 млн 515 миң бюджеттик каражат бөлүндү.
Мамлекет башчысы “Маданият, искусство жана спорт чөйрөсүн мамлекеттик колдоонун кечиктирилгис чаралары жөнүндө” Жарлыкка кол коюп, ага ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине көрсөтүлгөн каражатты бөлүү тапшырылды.
Жарлыкка жана Министрлер Кабинетинин тескемесине ылайык, бөлүнгөн акча каражаты азыркы учурдагы маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын милдеттерин чечүүнүн, маданий потенциалды сактоого, маданий баалуулуктарга жетүүгө болгон конституциялык кепилдиктерди камсыз кылууга, маданият чөйрөсүн рыноктук шарттарга адаптациялоого багытталат.

Мындай чечим, азыркы учурда маданият чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын милдеттерин чечүүнүн, маданий потенциалды сактоого, маданий баалуулуктарга жетүүгө болгон конституциялык кепилдиктерди камсыз кылууга, маданият чөйрөсүн рыноктук шарттарга адаптациялоого багытталган чараларды көрүүнүн өтө зарылдыгы бышып жетилгени менен шартталат.

Эске салсак, 2022-жылдын апрелинде Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен маданият тармагынын кызматкерлеринин эмгек маянасы дээрлик 100 пайызга көбөйтүлгөн.

Связанный пост