“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

 “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Мыйзамга кол коюлду

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.

Мыйзам 2023-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Мыйзамдын максаты коомдук саламаттык сактоо системасын модернизациялоо аркылуу адамдын ден соолугун сактоону камсыз кылуу деңгээлин жогорулатуу болуп саналат.

Мыйзамдын милдеттери коомдук саламаттык сактоодогу жаңы чакырыктарга жана актуалдуу талаптарга, эл аралык укук колдонуу тажрыйбасына ылайык ченемдерди өркүндөтүү; профилактикалоону артыкчылыктуу кылуу жана коомдук саламаттык сактоо системасынын субъекттеринин ортосунда өз ара аракеттенүүнү чыңдоо; кайталанган жана карама-каршы келген ченемдерди жоюу; калк үчүн коомдук саламаттык сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн санарип технологияларды колдонууну кеңейтүү болуп саналат.

“Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жаңы редакцияда “Коомдук саламаттык сактоо жөнүндө”, “Жугуштуу ооруларды иммунопрофилактикалоо тууралу”, “Калкты кургак учуктан сактоо жөнүндө”, “Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө”, “Йоддун жетишсиздигинен болуучу оорулардын алдын алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын колдонуудагы беш мыйзамын бириктирүүнү карайт.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып алты ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Связанный пост