Биз жөнүндө

1967 – жылы  Кыргыз  ССР  Министирлер  Советинин  алдындагы  радиоуктуру  жана  телекөрсөтүү комитетинин  коллегиясынын  чечими  менен  “Радиоуктуруунун  Ош  облустук  башкы редакциясы”  негизделген.

1968-жылдын  20-январында  кечки  саат  20да  Түштүк  Кыргызстандын  калкына  экинчи программа  аркылуу  радиоберүүлөр   тартуулана   баштаган.

1970-жылдын  9-сентябрында  Ош  телекөрсөтүүсунүн  биринчи  телепрограммасы  эфирге  чыгып, “көгүлтүр  экранда”  миңдеген  телекөрүүчүлөрдүн  куттуу  аудиториясына  алгачкы  саламын жолдогон.  1970-жылдын  9-сентябры  –  Ош  телекөрсөтүүнүн  киндиги  кесилген  күн  катарында кыргыз  тарыхына  кирген.

1999-жылы  “Ош студиясынын” негизинде  “Ош 3000”  мамлекеттик  телерадиокомпаниясы  түзүлгөн.

2005-жылдын  10-декабрында  “Ош 3000” мамлекеттик телерадиокомпаниянын базасында президенттин жарлыгы менен  ЭлТР коомдук телерадиокомпаниясы деп,  ишин жаңы бийиктикте, жоопкерчилике  көтөрүлүү  менен  баштаган.

2015-жылдын 16-марты № 122 Кыргыз өкмөтүнүн токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын “Коомдук телекөрсөтүү – ЭлТР” телерадиоберүү компаниясынын аталышы Кыргыз Республикасынын “ЭлТР” мамлекеттик телерадиоберүү компаниясы деп өзгөртүлгөн.

Учурда “ЭлТР” Кыргызстандын бардык облустардагы жаңылык-кабарларды, кызыктуу көрсөтүүлөрду элге тартуулоодо. Өзүнүн аппараттык- студиялык комплекси тикеленип, Бишкекте мыкты база түзүлүп жатат. Жалал-Абад, Ыссык-Көл, Баткенде кабарчылар түйүндөрү ийгиликтүү иштеп жатат. Белгилеп кетсек, «ЭлТР» МТРК  суткасына  17-18 саат эфирде өз көрсөтүүлөрүн  тартуулап келет:

  • спутник аркылуу   Турция, Россия, Казахстан,  АКШ,   жана дүйнөнүн 48 өлкөлөрүнө тараган ;
  • EutelSat 70.5  спутниги аркылуу –  Орто  Азияга;
  • «АлаТВ», «ДолонТВ», «Акнет». кабельдик түйүндөрдө

Кыргызстанда каналды күнүгө миллиондон ашык адам көрүшөт. МТРК “ЭлТРдин” программалары Кыргызстанда кана эмес , чет өлкөлөрдө дагы   популярду каналга айланды.

Телеканал чет өлкөлөрдүн компаниялары менен иш тажрыйбасы чоң.

«СУАРдагы» Китай-синьцзянь телекөрсөтүүсүнүн

“Жибек жолу, жаңы журналистика”, “Супер-объект”- программалары, “Менин кызым”  телесериалы

« Жуңго Шинжан» СУАРдын  Кино жана телерадиокорпорациясы:

“Жүнгөгө Сапар” передачасын көрсөтүү :

Күнүгө  60 мин. чыгат

Бардык иштер ойдогудай десек жаңылабыз. Чыныгы коомдук телерадио болуш үчүн “ЭлТРдин” түрдүү-түмөн чыгармачылык, техникалык, уюштуруучулук маселелерин чечүү зарыл. Ошентсе да келечекке чоң үмүт менен караган “ЭлТР” КТРКсынын жамааты жалпы элдик ишке жан дилинен берилип кызмат өтөшүүдө.  Коомчулук, эл аралык уюмдар менен алакалар чындалууда. Дегинкиси бардык аракет “ЭлТРди” чыныгы элдик трибунага айлантууга багытталган. Бул максатка жетүүгө негиз берген жамаатын 40-жылдан ашык тарых-таржымалы, бай тажрыйбасы, артында калдайган калың журту бар.

.counter{text-align: center;}