Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Биздин биргелешкен аракетибиздин жыйынтыгында акыркы жылдары эки бир тууган элдин ортосундагы урмат-сый жана ишеним, өз ара пайдалуу мамилелердин негизинде куралган достуктун салттуу байланышы андан ары өнүгүп жатканы мага чоң кубаныч алып келүүдө», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Өзбекстандын Президенти Бишкек шаарындагы Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жогорку деңгээлдеги жолугушуулар Өзбекстан менен Кыргызстандын достугун жана стратегиялык өнөктөштүгүн жаңы этабына жеткирүүдө кезектеги маанилүү кадамы болоруна ишенимин билдирди.

Шавкат Мирзиеев Сооронбай Жээнбековго узун өмүр, чың ден соолук жана үй-бүлөлүк бакубатчылык, ал эми кыргыз элине — тынчтык, прогресс жана гүлдөп-өнүгүү каалады.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}