Тажикстандын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон Кыргызстан элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Бул куттуу майрам күндөрүндө биз асыл иштерди жасоого жетишүүгө, ынтымак жана боордоштук, тилектештик жана пикирлештик, бири-бирин колдоо жана жакшы иштерди жасоо сыяктуу жарык ислам дининин бийик баалуулуктарын ишке ашырууга ниеттенебиз. Биздин мамлекеттердин ортосундагы жемиштүү жана жаратмандык мамилелер эки өлкөнүн кызыкчылыктарына жооп берип, мындан ары да ырааттуу түрдө жаңы мазмунга толо берет деп ишенем», –  деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Тажикстандын Президенти Президент Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук, бакубатчылык, ал эми дос Кыргызстандын элине тынчтык, бейпилдик жана мындан аркы өнүгүп-өсүүнү каалады.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}