Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Президент Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Кыргызстандын элин жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Орозо айт майрамы менен куттуктады.

«Кылымдардан бери жогорку руханий баалуулуктарды, гуманизм жана кайрымдуулукту, ак жүрөктүк жана нравалык тазалыкты символдоштурган бул жарык майрам мындан ары дагы бүт мусулман калкынын арасында өз ара урматтоо жана түшүнүшүүгө көмөктөшөт деген үмүттөмүн», — деп белгиленген куттуктоо телеграммасында.

Гурбангулы Бердымухамедов Сооронбай Жээнбековго бекем ден соолук жана бакты-таалай, ал эми Кыргызстандын боордош элине тынчтык, бакубаттуулук жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}