Атактуу кинорежиссер Эмир Кустурица Айтматовдун чыгармасынын негизинде Чыңгызхан тууралуу тасма тартат

Атактуу сербиялык кинорежиссер Эмир Кустурица Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде Чыңгызхан тууралуу тасма тартат. Бул тууралуу tass.ru жазат.

Режиссердун билдиргени боюнча, тасма 2020-жылы чыгат.

“Менде Чыңгызхан тууралуу тасма тартуу идеясы бар. Бул жерде жана батышта эч ким жактырбаган адам кандай киши болгону тууралуу чоң тасма болот. Тасма кийинки жылы чыгат”, – деген Железноводсктогу (Россия) кинофестивалга катышып жаткан режиссер.

Белгилей кетсек, Эмир Кустурица – сербиялык кинорежиссер, сценариист жана музыкант.

Белгилүү болгондой, Чыңгыз Айтматовдун Чыңгызхан тууралуу “Кылым карытар бир күн” романынын бир бөлүгү катары чыккан “Чыңгызхандын ак булуту” повести бар.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}