Президент Сооронбай Жээнбеков: Намысты, абийирди, Мекенге болгон сүйүүнү бекем туткан аталарыбыздын жолу – биздин улуу мурасыбыз, муундан муунга сыймыктануу менен айтылчу тарыхыбыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарынын Жеңиш аянтында өткөн Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 74 жылдыгына арналган эскерүү митингине катышты жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу толугу менен берилет:

«Кымбаттуу Улуу Ата Мекендик согуштун жана ооруктун ардагерлери!

Жолдош жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер, офицерлер жана генералдар!

Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнү менен куттуктайм.

Бүгүн — совет жоокеринин рухунун бекемдигин, чыныгы патриоттуулукту жана элдердин биримдигин даӊазалаган улуу майрам.

9-май — элдин сыймыгы жана көз жаш менен келген кубанычы.

Өткөн согуштун алааматы тарыхтын энчисине өтүп, ошол жылдарда калды.

Ал эми аталарыбыздын чыныгы эрдиги, нукура каармандыгы биздин жүрөгүбүздө жашап келет жана сезимибизде түбөлүк сакталат.

Аталардын эрдиги менен сыймыктануу, алардын элесине таазим этип, урмат көрсөтүү — муундан муунга өтөт, урпактарга жетет.

Жеңиш күнүн белгилөө менен биз чындык менен акыйкаттык дайыма кыянаттыктан күчтүү болоорун даӊазалайбыз.

Жеңиш күнү — 21-кылымда согушту эӊсегендерге, бир  улуттун же расанын башкалардан өйдө болушун  көздөгөндөргө эскертүү болуп саналат.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}