Сууга чөгүп кеткен 5 жашар баланы издөө иштерине КР ӨКМден 115 куткаруучу тартылды

11-апрель күнү саат 18:25 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун Константиновка айылындагы Ат-Башы каналына 2014-жылы туулган  Б.Б. аттуу бала чөгүп кеткен. Издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 142 куткаруучу тартылган (№1 ӨКБдан – 26, №4 ӨКБдан жана №27 АӨКБдан – 10, Суучулдар кызматынан – 20, №7 ӨКБдан жана №23 АӨКБдан – 15, №15 ӨКБдан – 6, №21 жана №24 АӨКБдан – 26, №22 АӨКБдан – 15, КДМБдан – 24). Мындан сырткары издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстан Республикасынын ИИМнин Жамбыл облустук Өзгөчө кырдаалдар  департаментинен 4 суучул тартылган. Кеч киргендигине байланыштуу саат 18:00дө издөө иштери убактылуу токтотулду, натыйжа болгон жок.

Бүгүн, 17-апрель күнү издөө иштерин улантуу максатында КР ӨКМнен жалпы 115 куткаруучу тартылды. (КР ӨКМнин Аламүдүн райондук №1 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн (ӨКБ) 12 куткаруучу, КР ӨКМнин Токмок шаардык №24 жана №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгүнөн (АӨКБ) 20 куткаруучу, КР ӨКМнин Сокулук райондук №23 АӨКБдан жана №7 ӨКБдан 15куткаруучу, КР ӨКМнин Жайыл райондук №22 АӨКБдан 10 куткаруучу, КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук №27 АӨКБ жана №4 ӨКБдан 10куткаруучу, КР ӨКМнин Москва райондук №15 ӨКБдан 5 куткаруучу, КР ӨКМнин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунан 25 куткаруучу жана КР ӨКМнин Суучулдар кызматынан 18 суучул). Мындан сырткары издөө иштерине көмөк көрсөтүү максатында Казахстан Республикасынын ИИМнин Жамбыл облустук ӨК департаментинен 4 суучул тартылган. Издөө иштери жүргүзүлүүдө. (фото: 16-апрель 2019-ж.)

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}