Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышууда

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүпжаткан Евразия экономикалык биримдигинин Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышууда.

 Карен Демирчян атындагы спорттук-концерттик комплексте өтүп жаткан Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынын баштоо алдында делегация башчыларынын бирге сүрөткө түшүүсү болду.

 Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасы Тигран Саргсян тар чөйрөдөгү жыйынды ачып жатып баса белгилегендей, бүгүн кеңешти өнүктүрүү боюнча концептуалдык маселелерин, анын ичинде «Өнөр жай кооперациялар, субконтрактациялар жана технологиялар трансферлеринин Евразия түйүнү» долбоорун ишке ашыруу боюнча жолугушуунун катышуучуларынын пикирлерин угуу зарыл.

 Армения Республикасынын, Беларусь Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын өкмөт башчыларынын катышуусундагы кеңештин жыйыны учурда тар чөйрөдө өтүп жатат. Андан соңрасмий делегациялардын мүчөлөрүнүн катышуусундагы кеңири курамда уланат.

 Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине жалпысынан интеграциялык биримдиктин алкагында көпжактуу кызматташуунун абалына жана аны кеңейтүүгө тийиштүү 13 маселе коюлган.

 Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}