Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы Кунио Микурия мененжолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Дүйнөлүк бажы уюмунун баш катчысы КуниоМикурия менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы жана Дүйнөлүк бажы уюму ортосундагы кызматташуу маселеситалкууланды.

Өкмөт башчы белгилегендей, биздин өлкө кызматташтыктын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга багыт алган, бугабайланыштуу Дүйнөлүк бажы уюму менен кызматташуу стратегиясынын долбоору иштелип чыккан.

Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргендей, Бишкекте Дүйнөлүк бажы уюмунун Аймактык окуу борборунун ачылышы КыргызРеспубликасынын гана эмес, жалпысынан Борбор Азия чөлкөмүндөгү бажы кызматынын ишинин натыйжалуулугунжогорулатуу боюнча күч-аракетти колдоого алуунун жана ага көңүл бурулуп жаткандыгынын далили катары саналат.

Жолугушууда Президент Сооронбай Жээнбеков тарабынан жарыяланган Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүүжылынын алкагында бардык тармактарды, анын ичинде бажы кызматын да санариптештирүү   боюнча кабыл алыныпжаткан күч-аракеттерди эске алуу менен, мындан ары карай өз-ара аракеттешүүнүн келечеги талкууланды.

Белгиленгендей, аталган багытта Өкмөттүн максаттары Дүйнөлүк бажы уюмунун максаттарына дал келип, кызматташтыктыөнүктүрүү жана активдештирүү үчүн жакшы негизди түзөт.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

Все файлы проверены, вирусов нет

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}