Курман болушкан милиция кызматкерлеринин жаркын элесине арналган «Самбо» боюнча мелдеш өткөрүлдү

2019-жылдын 13-апрель күнү 2010-жылы апрель-июнь окуяларында кызматтык
милдеттерин аткарып жаташып курман болгон милиция кызматкерлердин жана
милициянын полковниги Ниязалиев Байгазы Мамытовичтин жаркын элесине
арналган спорттун «Самбо» түрү боюнча Жалал-Абад ОИИБдин биринчилиги
болуп ѳттү.
Чемпионатты Жалал-Абад ОИИБдин жетекчилиги ачып берип, андан соң курман
болгон кызматкерлерди эскерүү үчүн куран окулду.
Иш-чаранын негизги максаты: милиция кызматкерлердин күнүмдүк жумушунда
жана ыкчам-ишмердүүлүгүндѳ эң керектүү болгон спорттун «Самбо» түрүн
кеңири жайылтуу жана күжүрмѳн даярдыктарын жогорулатуу болуп эсептелет.
Ошол себептен самбо боюнча мелдеш ачык түрдѳ ѳткѳрүлүп, Жалал-Абад
облусунун аймагындагы самбо менен машыккан спортчулар да катышып, 7
салмактык категорияда ѳз чеберчиликтерин кѳрсѳтүшүп, күч сынаша алышты.
Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчүлѳр 2019-жылдын 15-апрель күнү
Жалал-Абад ОИИБдин ѳздүк курамы астында салтанаттуу түрдѳ диплом жана
акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сѳз кызматы

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}