Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЕӨАК кезектеги жыйынына катышат

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин 2018-жылдын 27-июлунда Россия Федерациясынын Санкт-Петербург шаарында өтүүчү кезектеги жыйынына катышат.

 

Жыйында Евразия экономикалык биримдигинин мүчөмамлекеттеринин кызматташуусун мындан аркы тереңдетүүмаселелери каралат.

 

Анын ичинде Биримдиктин мамлекеттерин санариптик өнүктүрүүэнергетика жана транспорт тармактарындатранзиттиктоварбажы кызматташтыгы темаларыношондой эле ЕАЭБ ченемдикукуктук базасын жакшыртуу жана башка актуалдуумаселелерди талкуулоо күтүлүүдө.

 

Евразия Өкмөттөр аралык Кеңешинин жыйыны ЕАЭБ мүчөөлкөлөрүнүнАрмения РеспубликасынынБеларусьРеспубликасынынКазакстан РеспубликасынынКыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын Өкмөтбашчыларынын катышуусунда өтөт.

 

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн Аппаратынын

маалыматтык камсыздоо бөлүмү

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}