Ошко жаңы мэр дайындалды

Бүгүн, 18-июлда Ош шаардык кеңешинин кезексиз 45-сессиясында Таалайбек Сарыбашов Ош шаарынын жаңы мэри болуп дайындалды.

Жыйында 45 депутат болду, Ош шаарынын вице-мэри, БШКнын Ош шаары боюнча өкүлү, БӨУнун жана ЖМК өкүлдөрү катышты. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Т.Сарыбашовдун талапкерлиги үчүн 45 депутаттын 44ү “макул”, бирөө “каршы” добуш берген.

Белгилей кетсек, көпчүлүк коалиция Сарыбашовдун талапкерлигин мэрликке көрсөткөн.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}