Көк-бөрү, Салбуурун, кыз-куумай. Ысык-Көлдө “Тескей жээк” этнофестивалы өтөт

Тоң районунда 15-июлда “Тескей жээк” фестивалы болот. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Этофестивалдын программасында ат оюндары, тыйын эңмей, кыз куумай, Салбуурун, жаа атуу, көк-бөрү курамаларынын мелдеши жана кол өнөрчүлөрдүн эмгектеринин көргөзмөсү бар.

Маданий программа жана спорттук иш-чаралар Ысык-Көлдүн түштүк жээгиндеги оюнчулардын жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын лауреаттарынан турган этно спорттун кесипкөй командаларынын жардамы менен ишке ашат.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}