Айсулуу Тыныбекова Испанияда өткөн эл аралык турнирде алтын медаль утту

Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова күрөш боюнча Grand Prix of Spain эл аралык турнирде алтын медаль утту.

Спорттук мелдеш Мадрид (Испания) шаарында 14-15-июль күндөрү жайкы Азия оюндарына даярдык көрүүнүн алкагында өткөн.

КР спортчусу 59 кг чейинки салмактык категорияда беттешке чыгып, алгач АКШ жана Россиянын балбан-айымдарын жеңип, биринчи орун үчүн беттеште казак спортчусун утуп алган.

Эске сала кетсек, жайкы Азия оюндары 18-августтан 2-сентябрга чейин Жакарта жна Палембанг (Индонезия) шаарларында өтөт.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}