Жээнбеков Москвада футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 2018-жылдын 14-июнунда Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча иш сапар менен Россиянын Москва шаарына барат. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Сапардын алкагында Мамлекет башчысы Москвада 14-июнда футбол боюнча Дүйнөлүк чемпионаттын ачылыш аземине катышат.

Президент Сооронбай Жээнбековдун Россиянын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу кызматташуунун маселелерин талкуулаган эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}