Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгуу жөнүндө Жарлыктарга кол коюлду
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгуу жөнүндө 4 Жарлыкка кол койду.
Анын ичинен Кыргыз Республикасынын Президентинин 1 Жарлыгы 423 адамды Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин 3 Жарлыгы Кыргыз Республикасынын жарандыгына 342 адамды кабыл алуу жөнүндө, алардын көпчүлүгү Өзбекстан Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын мурдагы жарандары, тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар.
comments powered by HyperComments