КРнын аялдар курама командасы Кытайдагы эл аралык турнирге катышат

Кыргызстандын курамасы аялдар күрөшү боюнча эл аралык турнирге катышат. Бул тууралуу КР Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.

Chine Open аталыштагы мелдеш 22-23-июнь күндөрү Тайюань (Кытай) шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Марсбек кызы Назира катышат. Машыктыруучу Нурбек Изабеков.

Улуттук кураманын спортчулары спорттун олимпиадалык түрү боюнча дирекциядан каржыланат – 515 миң сом.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}