КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев кыргыз таануучу Юлий Худяков менен жолукту

Бүгүн, 22-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев тарых илимдеринин доктору, профессор, КР УИАнын ардактуу академиги, Ж.Баласагын атындагы КУУнун ардактуу профессору, III даражадагы “Манас” орденинин жана “Данакер” орденинин кавалери Юлий Худяков менен жолукту. Жолугушууда байыркы кыргыздардын тарыхын изилдей турган кадрларды даярдоо боюнча сүйлөшүүлөр болду. Ошондой эле академик М.Жуматаев Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Жогорку Кеңеши дагы байыркы кыргыздардын тарыхынын тереңден изилденишине кызыкдар экендигин белгиледи. КР УИАнын Коомчулук менен байланыш бөлүмү

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}