БИШКЕКТЕ М.РЫСКУЛОВ, С.КҮМҮШАЛИЕВА ЖАНА БАЛАСЫ АТАКТУУ РЕЖИССЕР ИСКЕНДЕР РЫСКУЛОВГО АРНАЛГАН ФЕСТИВАЛ БОЛОТ

Бишкек шаарында 24-29- июнга чейин СССРдин артисти Муратбек Рыскуловдун 110 жылдыгына, Кыргыз Республикасынын эл артисти Сабира Күмүшалиеванын 100 жылдыгына жана таланттардын уулу, атактуу режиссёр Искендер Рыскуловдун чыгармачылыгынын 60 жылдыгына арналган Республикалык Х театр фестивалы болот. Аны уюштурган КР Маданият,маалымат жана туризм министрлиги.

Фестивал Региондорду өнүктүрүү жылына карата, баардык региондордон келген театрлардын оюн-зоокторунун катышуусунда өтөт.

Иш чаранын максаты -кыргыз элинин залкар инсандарынын элесин түбөлүккө калтыруу, театр ишмердүүлүгүнүн көркөмдүк деңгээлин көтөрүү.

Муратбек Рыскулов – Тянь-Шандын Жумгал районуна караштуу Кайырма (азыркы Байзак) айылында жарык дүйнөгө келген. Актердун чыгармачылыгынын алгачкы мезгилдеринде эле анын театр искусствосуна болгон жөндөмдүүлүгү даана көрүнүп турат.Жана анын аткарган ролдору ушул кунго чейин элдин эсинде.

Ал эми кыргыз эл баатыры Сабира Күмүшалиева өмүрүнүн 73 жылын киного жана сахнага арнаган.

Эки залкардын уулу Искендер Рыскулов – кыргыз театрынын артисти Ош кыргыз драма театрында 12 жыл эмгектенген соң, 1984-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына башкы режиссёр болуп дайындалган.

Толук маалымат үчүн фестивалдын программасынан таанышыңыздар.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}