Баткен районунда селдин кесепеттерин жоюу иш-чаралары улатылууда

2018-жылдын 26-июнь кунү Баткен облусунун Баткен районунун Самаркандек айылында 35 турак үйдүн жер тилкелери, 400 метр ички чарбалык арыктар сел калдыктарынан тазаланып, Подстанция тилкесинде 850 метр сел тосмо, Төрт-Гүл айыл аймагынын Чоң-Талаа айылында латок коюулуучу жерлердин 100 метр аралыгы, Ак-Татыр айыл аймагынын Рават айлында 300 метр ички чарбалык унаа жол калыбына келтирилди. 

Учурда район боюнча 205 га үлүш жана эгин  талааларын тазалоо, 1,3 чакырым ички чарбалык унаа жолду, 350 метр ички чарбалык арыктарды, 41 лоток, 1 сел тосмону, 18метр темир түтүктү, 1980метр сел өтүүчү сайлардын жээктерин, 500метр таза суу (пластик) түтүгүн калыбына келтирүү жумуштары калды. Селдин кесепеттерин жоюу иштери 27-июнь күнү улантылууда.

 

Эске сала кетсек, Баткен районунда2018-жылдын 15-23-июнь күндөрү катуу жааган жаандын кесепетинен Баткен шаары жана Ак-Сай, Самаркандек, Кара-Бак, Төрт-Гүл, Дара, Ак-Татыр айыл аймактарында сел жүрүп, жалпы район боюнча 45 турак үйдүн ичине, 142 турак үйдүн жер тилкелерине, 92 чарбалык курулуштарына жана 1 дүкөнгө сел суулары кирип, 7,86 чакырым ички чарбалык жолду, 8,75 чакырым арыктарын сел суулары каптаган. Андан сырткары 207 га үлүш жана эгин  талааларды суу каптап, 12 даана электр мамычасын агызып, 4 көпүрөнү, 1,6 чакырым ички канал, 2830м сел өтүүчү сайлардын жээктери, 50 лоток, 38м темир түтүк, 3 сел тосмосу, 500метр таза суу (пластик) түтүгү жараксыз абалга келген.

          Тазалоо жана калыбына келтирүү иштерине 2018-жылдын 26-июнь куну КР ӨКМнин РӨКОнун 3-издөө куткаруу отрядынан 15 куткаруучу, айыл аймактардан 2 жүктөгүч, 2 экскаватор, 1 самосвал, 1 бульдозер, №2 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 жүктөгүч тартылды.

 

 КР ӨКМнин басма сөз кызматы

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}