Баткендин Төрт-Гүл айыл аймагында селдин кесепеттери жоюлду

Баткен районунун Төрт-Гүл айыл аймагында 2018-жылдын 18-май күнү саат 15:30 чамасында Ак-Өтөк айылында жааган жамгырдын кесепетинен коктулардан келген суулар 30 турак үйдүн короолорун, 300 метр аралыктагы ички чарбалык жолду, 15 га үлүш жерлерди жана 400 метр ички чарбалык арыктарды суу каптаган.
Кырсыктын кесепетин жоюуга айыл аймактан 1 жүктөгүч тартылган. 22-май күнү тартылган техниканын жардамында тазалоо иш чаралары толугу менен аяктады.

КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}