Самудинов менен Молдокадырова дагы деле АКШнын атайын кабыл алуу жайында кармалууда – ТИМ

КТРКнын мурдагы журналисти Элнура Молдокадырова менен жолдошу КСДП партиясынын мурдагы мүчөсү Ринат Самудинов дагы деле Калифорния штатынын Аделанто шаарынын кабыл алуу атайын жайында кармалууда. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КР ТИМнин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аталган адамдардын АКШнын атайын кызматтарынан башпаанек сурагандыгы же жоктугу ички орнотулган регламентке байланыштуу ачыкталбайт. Чектөөлөргө байланыштуу КРнын жарандары менен жеке байланышууга мүмкүнчүлүк берилбей жатат.

“Кыргызстандын АКШдагы элчилиги өлкөнүн иммиграциялык кызматтары менен байланышта болуп турат”,-деп билдиришти ТИМден.

Эске сала кетсек, 2017-жылдын ноябрь айында Самудинов менен Молдокадырова Мексика менен АКШнын чек арасында кармалган. Кийин алар АКШдан саясий башпаанек сурашкан.

Кабар

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}