Бишкекте шайба менен хоккей ойноо боюнча КР чемпионаты өтөт

Бишкекте 5нен 8-апрелге чейин шайба менен хоккей ойноо боюнча Кыргызстан чемпионатынын III айлампасы өтөт.

Үчүнчү айлампада төмөнкү курамалар ойношот: “Чолпон-Ата”, “Кеңеш учкучтары”, “Ала-Тоо Дордой” жана “Кыргыз Темир Жолу”.

Бул командалар чемпионаттын биринчи жана экинчи айлампасынын жыйынтыгы боюнча өздөрүнүн тайпасында биринчи жана экинчи орундарды ээлешип, турнирдин плей-оффуна чыгышкан. Чечүүчү үчүнчү айлампада курамалар эки жеңишке чейин ойношот.

Турнирди өткөрүү үчүн КР улуттук спорттун түрү боюнча дирекциясынан 127 миң сом бөлүндү.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}