Дзюдочу Болот Токтогонов Германияда өткөн турнирде коло алды

Дзюдочу Болот Токтогонов Германияда өткөн Grand Slam турниринен коло медаль утту. Бул тууралуу аталган спорттун түрү боюнча улуттук федерациядан кабарлашты.

Турнир 22нен 25-февраль күндөрү Дюссельдорф шаарында өткөн, ага 70 өлкөдөн келген 500гө жакын мыкты спортчулар катышкан.

Болот Токтогонов 100 кг ашык салмактык категория боюнча коло медаль багындырган.

Кыргызстандын атынан 7 дзюдочу барган.

Турнирден соң КРден барган спортчулар ошол эле шаарда 26нан 1-мартка чейин окуу-машыгуудан өтүшөт.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}