КР балбандары Россияда өтө турчу “Иван Ярыгин-2018” турнирине катышат

Эркектер жана аялдар арасында Кыргызстандын волейбол боюнча курамасы Россияда өтө турган эл аралык Гран-при “Иван Ярыгин-2018” турнирине катышат. Бул тууралуу спорттун аталган түрү боюнча федерациядан кабарлашты.

Турнир Красноярск (Россия) шаарында 26нан 28-январь күндөрү өтөт. Бардыгы болуп 20 жуп медаль ойнотулат.

Учурда КР курамасы турнирге даярдык көрүү максатында Ысык-Көлдө машыгуудан өтүшүүдө.

Эске сала кетсек, 2017-жылы Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча “Иван-Ярыгин” гран-присинде жеңишке жетишкен

 Кабар

 

 

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}