Толкунбек Абдыгулов КР вице-премьер-министри болуп дайындалды

 Толкунбек Абдыгулов Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка КР президенти Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Толкунбек Абдыгулов биринчи вице-премьер-министр кызматын ээлеп келген. Ал эми вице-премьер-министрдин ордунда Дүйшөнбек Зилалиев иштеп келген.

comments powered by HyperComments
.counter{text-align: center;}